Кыргызстанда кимдер ММК полисин милдеттүү түрдө сатып алуусу керектиги айтылды

Кыргызстанда кимдер ММК полисин милдеттүү түрдө сатып алуусу керектиги айтылды

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Мирланбек Шабданов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында медициналык камсыздандыруу полисин кимдер милдеттүү түрдө алышы керек экендиги тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, жарандардын төмөнку категориясы ММК полисин милдеттүү түрдө сатып алууга тийиш:

  • 18 жаштан жогору иштебеген жарандар (иш менен камсыз кылуу кызматында катталбаган жумушсуздар, үй кожойкелери)
  • күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан (дистанттык) окуу формаларынын, ошондой эле 21 жаштан жогорку күндүзгү окуу формаларынын студенттери
  • аларга карата милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр келип түшпөгөн жеке уюмдарда, ишканаларда, базарларда иштегендер (тигүүчүлөр, куруучулар, такси/ маршруткалардын айдоочулары, базарлардын соодагерлери ж. б.)
  • Кыргызстандын аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле республиканын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүк жактар.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 22-февралында Жогорку Кеңеште “КРдагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” кабыл алынган.

Мындан тышкары окуңуз

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.