Акылбек Жапаров Баткендеги окуя учурунда курман болгон ишкердин тоок фермасына барды

Акылбек Жапаров Баткендеги окуя учурунда курман болгон ишкердин тоок фермасына барды

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуя учурунда курман болгон ишкер Матиса Надыровдун тоок фермасына барды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, тоок ферма Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай айылында жайгашкан. Фермадагы чыгым ошол учурда  40 млн сом деп бааланган.

Министрлер кабинетинин чечими менен  тоок ферманын каза болгон ээсинин 9 млн сом насыясы жоюлган болчу. Ал эми, анын уулу Адилет Абдувалиевге тоок ферманы кайра калыбына келтирүү үчүн жабдууларды алууга  30 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Россиялыктардын банк операцияларына көзөмөл күчөдү

Россиялыктардын банк операцияларына көзөмөл күчөдү

Россияга достук мамиледеги өлкөлөрдүн банктары россиялыктардын эсептери боюнча текшерүүлөрдү күчөтүп, айрым операцияларды убактылуу токтото баштаганын "РБК" эл аралык бизнес боюнча юристтерге жана консультанттарга шилтеме берүү менен жазды. Маалыматка ылайык, Армения менен Сербия банктары Россиянын жарандарынын операцияларын катуураак текшере баштаган. Мындан тышкары, Тажикстан, Казакстан жана Омандын банктарында да комплаенс-текшерүүлөр

Ирак суу тартыштыгынан улам мунайды сууга алмашууга кызыкдар

Ирак суу тартыштыгынан улам мунайды сууга алмашууга кызыкдар

Эң ири суу кризисине туш болгон Ирак суу ресурстары тармагында Түркия менен кеңири кызматташуу боюнча макулдашууга жетишти. Буга кургакчылык, климаттын өзгөрүшү, дарыялардын жогорку агымында курулган плотиналар жана инфраструктурадагы узакка созулган көйгөйлөрдүн фонунда Тигр жана Евфрат дарыяларынын кескин тайыздап кетиши себеп болду. Ирактын маалыматы боюнча, өлкөнүн суу ресурстарынын болжол менен 60%

Быйыл ИИМ органдарына жалпы 600дөн ашык кызматтык унаалар берилди

Быйыл ИИМ органдарына жалпы 600дөн ашык кызматтык унаалар берилди

2025-жылы Ички иштер министрлиги ички иштер органдарын заманбап техникалар менен камсыздоо багытында маанилүү кадам жасаганын ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, өлкө боюнча быйыл ички иштер органдарына жалпы 600 ашык жаңы кызматтык автоунаа тапшырылып, милициянын материалдык-техникалык базасы мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде жаңыланды. Бул автоунаалар заманбап техникалык талаптарга толук жооп

Таттуу печеньеден "Үйдө жалгыз" тасмасындагы имарат жасалды

Таттуу печеньеден "Үйдө жалгыз" тасмасындагы имарат жасалды

"Үйдө жалгыз" тасмасындагы имарат формасында жасалган эң чоң камыр үй Гиннесстин рекорддор китебине киргизилди. Аны Голливудда (Лос-Анжелес) куруп чыгышкан. Долбоор Disney+ жана Hulu сервистери тарабынан тасманын 35 жылдыгына карата ишке ашырылган. Курулуштун көлөмү болжол менен 8 метр бийиктикте жана 20 метр узундукта. Үйдү курууга сегиз күн кетип, 4