Топтолгон алтынды ар кандай кырдаалдардын камын көрүү үчүн кармап турабыз – Садыр Жапаров
Президент Садыр Жапаров Бишкек Нооруз майрамына карата майрамдык салтанатта куттуктоо сөз сүйлөдү.
Жапаров республикалык бюджеттин көлөмүн жогорулатуу боюнча жана топтолгон алтын тууралуу токтолду.
«Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында болуп көрбөгөндөй көлөмдө алтын корун топтоого жетиштик, аны ар кандай кырдаалдардын камын көрүү үчүн коопсуздук каражатынын топтому катары кармап турабыз. Ушул сыяктуу көзгө көрүнөрлүк иштерибиз барган сайын арбып, алдыга койгон ой-максаттарыбыз орундалып барат», – деди президент.