Баткенде үйлөрдү калыбына келтирилүү токтоп калды – куруучулардын айлыгы эки айдан бери төлөнбөй жатат

Баткенде үйлөрдү калыбына келтирилүү токтоп калды – куруучулардын айлыгы эки айдан бери төлөнбөй жатат

Баткенде үйлөрдү калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери токтотулду. Себеби, курулуш компаниясы жумушчулардын эмгек акысын төлөбөй жатат. Бул тууралуу Kloop басылмасына аймактын тургундары билдирди.

Баткен районунун тургундары үйлөрүн калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери токтоп калганын марттын ортосунда басылмага билдиришкен. Kloop өз материалында мындай окуялардын бир нечесин келтирет.

«Подрядчылар куруучуларга акчасын бербей, эки айдан бери дайынсыз болуп кетишкен. Алар [курулушчулар] убада берип: «Төлөсө, иштейбиз» дешет. Үйүбүздүн чатыры жабылды, фасады бүттү, үйдүн ичине гипсокартон орнотулду, бирок терезелери, эшиктери орнотулбай, ванна бүтө элек – баары турат. Негизинен үйдүн ичиндеги бардык иштер бүтө элек. Капчыгай айылында «Доор» фирмасынын колунда 20дан ашык үй бар. Алардын баары ушундай абалда», – дейт Ак-Сай айыл аймагынын Капчыгай айылынын тургуну Шарипа Кудайбердиева.

«Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу филиалынын юристи Нуркыз Жанышбекова Баткен облусунда курулушчулар акчаны өз убагында алышпай, тургундар үйлөрдүн сапатсыздыгын айтып жатканын басылмага ырастады.

«Капчыгайда жалпысынан 50 үйдүн курулушу бүтө элек. Кээ бир тургундар алардын сапатсыздыгына, кээ бир үйлөр архитектуралык талаптарга жооп бербегендигине даттанышкан. Маселен, ваннадагы плиткалар шыпка чейин болушу керек эле дешет, бирок куруучулар дубалдын ортосуна чейин жасашкан. Септик үйдүн жанынан казылган, алар 15 метр аралыкты да калтырышкан эмес», – деди Жанышбекова.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын балдары үчүн бизнес биригүүдө

Кыргызстандын балдары үчүн бизнес биригүүдө

ЮНИСЕФ Кыргызстан балдар үчүн бизнес боюнча консультативдик кеңештин биринчи жыйынын өткөрдү, ага өлкөдөгү ар бир баланын укуктарын жана бакубаттуулугун коргоого умтулган алдыңкы компаниялар катышты. ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа төрагалык кылган Кеңештин жыйынында анын Уставы расмий түрдө бекитилип, эки негизги артыкчылыктын айланасында күч-аракеттер бириктирилди. Анын бири майыптыгы бар балдар үчүн инклюзивдүүлүктү

Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?

Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?

Мал чарба тармагындагы экспорттоочулар үчүн кошумча эсептелген салыктын өлчөмү 20%дан 3 % чейин төмөндөтүлөт. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген мал чарба тармагындагы экспорттоочулар жана фермерлер менен жолугушууда билдирди. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөгө мал

Индияда бензин, дизель тартыштыгынан эл дүрбөлөңгө түштү

Индияда бензин, дизель тартыштыгынан эл дүрбөлөңгө түштү

Индияда эл арасында дүрбөлөң чыгып, адамдар бензин жана дизелди көп камдап алуу үчүн массалык түрдө май куюучу жайларга агылууда. Өлкөнүн бир нече штатында күйүүчү майдын кору түгөнүп калганы айтылууда. Ал эми өкмөт күйүүчү май жетишсиздиги жок экенин билдирүүдө. Расмий маалыматка ылайык, май куюучу жайлардагы тартыштык дал ушул дүрбөлөңдөн жана суроо-талаптын

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Коомдоштуктардын демилгеси менен ишке ашырылып жаткан улуттук долбоордун алкагында айыл аймактарында экономикалык объекттерди ишке ашыруу үчүн тандоо жыйыны өттү. Тандоо комиссиясынын курамына Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин, АРИСтин, Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын жана "Бир айыл — бир продукт" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү