Жайында Бишкек – Абу-Даби аба каттамы ачылат

Жайында Бишкек – Абу-Даби аба каттамы ачылат

«Манас эл аралык аэропорту» Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы менен Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби жаңы каттамын ачканы турат. Бул тууралуу Швейцариянын элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорду Швейцариянын колдоосу алдында IFC «Манас эл аралык аэропорту» ААКнын  потенциалын жана эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтүү үчүн анын салыштырмалуу артыкчылыктарына толук талдоо жасап чыгууга жардам берди.

Ошондой эле жакынкы келечекте Абу-Даби – Ош багыты боюнча рейс ачуу пландалууда.

IFC ошондой эле “Манас” эл аралык аэропортунун инфраструктурасына инвестиция салуу үчүн квалификациялуу жеке операторду тартуу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ачык конкурс өткөрүү багытында да КР өкмөтүнө колдоо көрсөтүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын балдары үчүн бизнес биригүүдө

Кыргызстандын балдары үчүн бизнес биригүүдө

ЮНИСЕФ Кыргызстан балдар үчүн бизнес боюнча консультативдик кеңештин биринчи жыйынын өткөрдү, ага өлкөдөгү ар бир баланын укуктарын жана бакубаттуулугун коргоого умтулган алдыңкы компаниялар катышты. ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа төрагалык кылган Кеңештин жыйынында анын Уставы расмий түрдө бекитилип, эки негизги артыкчылыктын айланасында күч-аракеттер бириктирилди. Анын бири майыптыгы бар балдар үчүн инклюзивдүүлүктү

Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?

Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?

Мал чарба тармагындагы экспорттоочулар үчүн кошумча эсептелген салыктын өлчөмү 20%дан 3 % чейин төмөндөтүлөт. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген мал чарба тармагындагы экспорттоочулар жана фермерлер менен жолугушууда билдирди. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөгө мал

Индияда бензин, дизель тартыштыгынан эл дүрбөлөңгө түштү

Индияда бензин, дизель тартыштыгынан эл дүрбөлөңгө түштү

Индияда эл арасында дүрбөлөң чыгып, адамдар бензин жана дизелди көп камдап алуу үчүн массалык түрдө май куюучу жайларга агылууда. Өлкөнүн бир нече штатында күйүүчү майдын кору түгөнүп калганы айтылууда. Ал эми өкмөт күйүүчү май жетишсиздиги жок экенин билдирүүдө. Расмий маалыматка ылайык, май куюучу жайлардагы тартыштык дал ушул дүрбөлөңдөн жана суроо-талаптын

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Коомдоштуктардын демилгеси менен ишке ашырылып жаткан улуттук долбоордун алкагында айыл аймактарында экономикалык объекттерди ишке ашыруу үчүн тандоо жыйыны өттү. Тандоо комиссиясынын курамына Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин, АРИСтин, Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын жана "Бир айыл — бир продукт" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү