Келе жаткан ишемби жумуш күнү!
Кийинки ишемби, 25-март Кыргызстанда иш күнү болорун эскертебиз.
Иш күнүн 25-март, ишембиге жылдыруу чечимин өкмөт Кыргызстан элине жаңы жылдык эс алуусун толук кандуу өткөрүү максатында былтыр жылдын аягында кабыл алган. Өлкө 1-8-январга чейин эс алды. Ал эми келерки ишембиде беш күндүк иш жумасынын кызматкерлери, биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлер жана мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери эс алуу күндөрүнүн бири – 6-январда иштеши керек.