Япондук Prime Planet Energy & Solutions тоо-кен тармагындагы кызматташууга кызыкдар
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров япониялык Prime Planet Energy & Solutions компаниясы менен жолукту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун, өзгөчө тоо-кен тармагындагы маселелерди талкуулашты.
Мындан улам Акылбек Жапаров И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында тоо-кен тармагын изилдөө боюнча кыргыз-жапон факультетин ачууга кызыкдар экенин билдирди.