Ала-Бука-Чаткал унаа жолу быйыл оңдолот – Транспорт министрлиги

Ала-Бука-Чаткал унаа жолу быйыл оңдолот – Транспорт министрлиги

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Жалал-Абад жана Ош облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Текебкаев Ала-Бука-Чаткал унаа жолунун абалы менен таанышып, иш жакынкы арада башталарын билдирди. Ала-Бука-Чаткал унаа жолу совет мезгилинен бери оңдолгон эмес.

Мындан тышкары, министр ЖК депутаттары жана аймакты тейлеген жол тейлөө ишканаларынын жетекчилери менен биргеликте Таш-Көмүр-Ак-Суу-Жаңы-Талап унаа жолунун абалы менен таанышып келди.

Абалды жеринен көргөн министр алдыда аткарыла турган иштер туурасында кеп козгоп, жол тейлөө ишканаларынын жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Эл аралык агрофорум: инвестиция жана технология маселелери көтөрүлдү

Эл аралык агрофорум: инвестиция жана технология маселелери көтөрүлдү

Өзбекстандын Ташкент шаарында туруктуу агроэкосистемалар темасында "Италия – Борбор Азия (С5) – Азербайжан" форматындагы бизнес-форум болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Форумга Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары А.Ж. Жээналиев катышып, баяндама жасады. Ал өз сөзүндө агрардык сектордун артыкчылыктуу

Сузакта 7,2 чакырымдан ашык автожол асфальтталат

Сузакта 7,2 чакырымдан ашык автожол асфальтталат

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя – Нервти – Пром – Үч-Мазар – Дөш автожолунун 7 чакырым 250 метр аралыгы асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Учурда жолду асфальттоого даярдык көрүү максатында кеңейтүү жана жолдун негизин даярдоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Аталган жол буга чейин кара шагыл жол болуп, асфальт катмарынын жоктугунан жергиликтүү тургундар

Улуттук банктын экс-төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды

Улуттук банктын экс-төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды

КРнын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы күч түзүмдөрүнөн алган маалыматка таянып билдиришти. Андагы маалыматка ылайык, 25-март күнү КРнын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан Мелис Тургунбаев “Кыргызнефтегаз” иши боюнча күбө катары суракка чакырылган. Сурактын жыйынтыгында, Тургунбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолунун курулушу активдүү уланууда

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолунун курулушу активдүү уланууда

24-мартта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жол долбоорун ишке ашырып жаткан компаниянын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууга кыргыз тараптан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги, "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын өкүлдөрү,