Кочкордо 69 жакыр үй-бүлөсү «социалдык контракт» долбоору боюнча 100 миң сомго сертификат алышат
Кочкор районунун 69 жакыр үй-бүлөсү «социалдык контракт» долбоорунун алкагында 100 миң сомго сертификат алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-мартта Нарын облусунун Кочкор районунда «социалдык контракт» долбоорунун алкагында 100 миң сом грант алууга сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Райондун жашоочуларына жеке бизнесин баштоо үчүн 13 сертификат тапшырылды, бардыгы болуп 69 сертификат тапшыруу пландалууда.