Кочкор районунда 2 гектар жер кытайлык компанияга ижарага берилди

Кочкор районунда 2 гектар жер кытайлык компанияга ижарага берилди

МинКаб "Шаньси көмүр автотранспорттук ташуу жана сатуу компаниясы" ЖЧКсына Нарын облусунун Кочкор районунда жайгашкан 2 гектар жер тилкесин 15 жыл мөөнөткө ижара шартында убактылуу пайдаланууга берди.

2026-жылдын 17-мартындагы №173-р тескемеге ылайык, бул жер тилкеси мамлекеттик менчик болуп саналат жана "өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына кирет.

Ал Ормон-Хан айыл аймагына караштуу Семиз-Бел айылынын №249 жана №250 контурларында жайгашкан.

Документте көрсөтүлгөндөй, компания 100% чет элдик капитал менен түзүлгөн. Жер тилкеси ижара келишимин кийин узартуу мүмкүнчүлүгү менен берилет.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына компания менен ижара келишимин түзүү жана ижара төлөмдөрүнүн республикалык бюджетке өз убагында түшүүсүн көзөмөлдөө тапшырылды. Келишим шарттары аткарылбаса, аны бир тараптуу бузуу каралган.

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке компаниянын жерди убактылуу пайдалануу укугун каттоо милдети жүктөлдү.

Тескемеде бул чечим чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн шарт түзүү максатында кабыл алынганы белгиленген.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, "Шаньси көмүр автотранспорттук ташуу жана сатуу компаниясы" ЖЧКсынын жетекчиси — Насырынбеков Талант Ыманбекович, ал эми негиздөөчүсү — Ян Цзяньшэн. Компаниянын ишмердүүлүк түрү — транспорт тармагындагы көмөкчү кызматтар. Катталган күнү — 2025-жылдын 29-майы.

Мындан тышкары окуңуз

Салык карызынын 97%ы эсептен чыгарылат: кимдерге жеңилдик берилди?

Салык карызынын 97%ы эсептен чыгарылат: кимдерге жеңилдик берилди?

Кыргызстанда айрым салык төлөөчүлөргө салык карыздарын, туум жана санкцияларды эсептен чыгарууга мүмкүнчүлүк берген жаңы мыйзам кабыл алынды. Бирок жеңилдиктер автоматтык түрдө колдонулбайт, мыйзамда белгиленген шарттарды аткаруу талап кылынат. Салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, мал экспорттоочулардын 2026-жылдын 1-январына чейинки салык карызынын 97%ы, ошондой эле туум жана санкциялардын

Кыргызстан менен Швейцария эл аралык автоташуулар боюнча келишимге кол койду

Кыргызстан менен Швейцария эл аралык автоташуулар боюнча келишимге кол койду

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык ташуу боюнча Өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Мессерли менен жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы

Баткенде күз-кышка даярдык: калкка 101 миң тонна көмүр талап кылынат

Баткенде күз-кышка даярдык: калкка 101 миң тонна көмүр талап кылынат

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов күз-кышка даярдык көрүү боюнча буйругу кабыл алынып, облустук штабдын курамы жана иш-чаралар планы бекитилди. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында калкты көмүр менен камсыз кылуу, түйүндөрдү ачуу, баасын туруктуу кармоо, ошондой эле электр жарыгы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз

Таласта 11,9 млн сомдук долбоордун алкагында жабык дренаж курулууда

Таласта 11,9 млн сомдук долбоордун алкагында жабык дренаж курулууда

Талас шаарындагы Тагайбаев көчөсүндө жалпы узундугу 1377 метр болгон жабык дренаж системасын куруу иштери башталды. Бул тууралуу ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы сметалык баасы 11 млн 899 миң 720 сомду түзөт. Учурда 600 метр аралыкта казуу иштери жүргүзүлүп, бардык иш-аракеттер белгиленген тартип боюнча уланууда.