Бишкекте карызы бар 6 миңден ашык жаран жарыксыз калышы мүмкүн

Бишкекте карызы бар 6 миңден ашык жаран жарыксыз калышы мүмкүн

Бишкекте 6 миңден ашуун абонент электр энергиясы үчүн карызы бар экендигине байланыштуу жарыксыз калышы мүмкүн экенин Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-марттан тарта дебитордук карызы бар абоненттердин жарыгы аралыктан өчүрүлө баштайт.

Энергетиктер борбор калаанын тургундарын ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат.

Ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн жеке эсептин абалын билүүгө болот.

Суроолор боюнча сутка бою иштеген 1209, 105 кыска номерлерине же WhatsApp аркылуу кайрылыңыз.

Мындан тышкары окуңуз

Москвада миграциялык каттоонун жаңы талабы: "Амина" тиркемеси кимдерге милдеттүү болот?

Москвада миграциялык каттоонун жаңы талабы: "Амина" тиркемеси кимдерге милдеттүү болот?

2026-жылдын 1-сентябрынан тарта Москва шаарында жана Москва облусунда чет өлкөлүк жарандардын айрым категориялары миграциялык каттоодон өтүүдө "Амина" мобилдик тиркемесин милдеттүү түрдө колдонушат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Жаңы талапка ылайык, 18 жаштан жогорку чет өлкөлүк жарандардын айрым категориялары "Амина" тиркемесин

Кара-Алмадагы эс алуу жайларында экологиялык талаптар бузулганы аныкталды

Кара-Алмадагы эс алуу жайларында экологиялык талаптар бузулганы аныкталды

Кара-Алма айылындагы эс алуу жайларында экологиялык талаптардын бузулушу аныкталып, эки жайдын жооптуу өкүлдөрүнө жалпы 15 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, башкармалыктын кызматкерлери эс алуу жайларында экологиялык талаптардын сакталышын текшерүү үчүн рейд өткөрүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө "Чарпая" эс

Коррупция тууралуу билдиргендерди коргоо боюнча жаңы тартип бекитилди

Коррупция тууралуу билдиргендерди коргоо боюнча жаңы тартип бекитилди

Үстүбүздөгү жылдын 10-августунда Министрлер Кабинетинин №537 токтому менен коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү фактылары жөнүндө билдирүүнүн тартиби бекитилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Документ Башкы прокуратура тарабынан "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамдын талаптарын аткаруу максатында иштелип чыккан. Ал коррупциялык укук бузууга көндүрүү фактылары жөнүндө билдирүүнүн бирдиктүү жана

Үч-Коргон ГЭСинде төрт агрегаттын тең жабдуулары жаңыртылат

Үч-Коргон ГЭСинде төрт агрегаттын тең жабдуулары жаңыртылат

Үч-Коргон ГЭСинде станциянын негизги жабдууларын жаңыртуу жана белгиленген кубаттуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жаткан жаңылоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда №1 жана №2 гидроагрегаттарды жаңыртуу иштери жүрүп жатат. Аларды 2026-жылдын аягына чейин жаңылап бүтүшөт. Бардык иштер аяктагандан кийин Үч-Коргон ГЭСинин