«Аманбанк» микрофинансылык уюм болууга ниеттенген – бирок акционерлер каршы чыгышты
«Аманбанк» акционерлеринин жылдык жыйынында микрофинансы уюму катары кайра каттоодон өткөрүү маселесин карады. Акционерлер бул чечимге каршы чыгышты. Ошол эле учурда алар акциялардын санын кыскартуу чечимин колдошту. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
30-мартта өткөн «Аманбанктын» акционерлеринин жылдык жыйынында кредиттик мекеменин ээлери компанияны микрофинансы уюму катары кайра каттоодон баш тартышты.
Бул чечимге дээрлик 85% акционер каршы чыкты. Ошол эле учурда жүгүртүүдөгү акциялардын санын жокко чыгаруу жолу менен кыскартуу чечими кабыл алынды.