Россияда малдын массалык түрдө союлушу элдин тынчын алууда

Россияда малдын массалык түрдө союлушу элдин тынчын алууда

Россиянын бир катар аймактарында жаз башынан бери малды массалык түрдө союу жүрүп жатат. Фермерлердин айтымында, миңдеген уй, чочко, кой жана эчкилер бийлик тарабынан алынып, союуга жөнөтүлүүдө. Айрыкча Сибирь жана Поволжье аймактарында бул көрүнүш күчөп, жергиликтүү тургундар нааразычылык акцияларын уюштурушкан.

Бийликтин бул аракеттери түшүнүксүз болуп жатканын, ал эми сунушталган компенсациялар жетишсиз экенин жергиликтүү калкка таянып, Россиялык ЖМК өкүлдөрү жарыялашты.

Билдирүүгө караганда, расмий органдар мындай чараларды жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу менен түшүндүрүшкөн. Алсак, Новосибирск облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, пастереллёз оорусу тарашы мүмкүн экени айтылганы менен фермерлер бул жүйөгө ишенбей, союлган малдардын көпчүлүгү соо болгонун белгилешүүдө.

Айрым эксперттер массалык союунун чыныгы себеби башка, өтө кооптуу болгон ящур оорусу болушу мүмкүн экенин айтышууда. Бул илдет бат жайылып, аны токтотуунун эң натыйжалуу жолу – малды жок кылуу болуп эсептелет. Учурда аймакта карантин киргизилип, эт жана сүт сатууга чектөөлөр коюлган.

Новосибирск облусунда пастереллёз оорусунун жайылышына каршы күрөш алкагында ири чарбалардагы малдарды алуу иштери толук аяктады. Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Сергей Нешумов журналисттерге билдирген.

Анын айтымында, азыр ири чарбалар карантин жана дезинфекция режимиине өттү. Акыркы 15 күн ичинде облуста пастереллёздун жаңы учурлары катталган жок. Жалпысынан малынан ажыраган 189 үй-бүлөнүн 129у компенсация алуу үчүн арыз берип, алардын ичинен 113ү төлөмдөрдү алышкан.

Бийлик өкүлдөрү кырдаал көзөмөлдө экенин билдиришип, жабыркаган чарбаларга мал сатып алуу үчүн 50% чейин субсидия жана башка колдоо чаралары каралганын маалымдашты.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media