Бишкекте троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу өзгөртүлөт

Бишкекте троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу өзгөртүлөт

5-апрелден тарта борбор калаада троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу Бишкектин мэрияси билдирди.

Тактап айтканда, 4-маршрут Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева көчөлөрү аркылуу өтүп,   андан ары өзүнүн маршруту боюнча жүрөт.

7-каттам Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева-Киев көчөлөрү боюнча өтүп, андан ары өзүнүн маршруту боюнча каттайт.

10-маршрут Бейшеналиева-Дэн Сяопин-Интергельпо көчөлөрүнүн батыш багыты боюнча жана андан ары өзүнүн каттамы менен жүрөт.

Троллейбустардын кыймылы Асаналиев көчөсү боюнча канализациялык коллектордун салынышына байланыштуу өзгөртүлдү.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутуңуздарды алдын ала пландап алууңуздарды суранат.

Мындан тышкары окуңуз

Россияда малдын массалык түрдө союлушу элдин тынчын алууда

Россияда малдын массалык түрдө союлушу элдин тынчын алууда

Россиянын бир катар аймактарында жаз башынан бери малды массалык түрдө союу жүрүп жатат. Фермерлердин айтымында, миңдеген уй, чочко, кой жана эчкилер бийлик тарабынан алынып, союуга жөнөтүлүүдө. Айрыкча Сибирь жана Поволжье аймактарында бул көрүнүш күчөп, жергиликтүү тургундар нааразычылык акцияларын уюштурушкан. Бийликтин бул аракеттери түшүнүксүз болуп жатканын, ал эми сунушталган компенсациялар жетишсиз

Жакынкы Чыгыштагы согуштан улам авиабилеттер кымбатташы мүмкүн

Жакынкы Чыгыштагы согуштан улам авиабилеттер кымбатташы мүмкүн

"Авиация тармагы COVID-19 пандемиясынын кесепеттерине салыштырмалуу олуттуу кризиске туш болду" деп Financial Times жазды. Жакынкы Чыгыштагы үч жумага созулган аскердик аракеттер массалык каттамдардын токтотулушуна, күйүүчү май тартыштыгына алып келип, авиаташууларга болгон суроо-талаптын төмөндөшү коркунучун жаратты. Авиакомпаниялардын чыгымдарынын үчтөн бири учак күйүүчү майына туура келет. Согуш башталгандан бери анын

"Кыргызкөмүр" келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрө баштады

"Кыргызкөмүр" келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрө баштады

Кыргызстанда өткөн жылы беш көмүр кен жайы ачылды — 2024-жылы 3 көмүр кен жайы гана болгон. Бул тууралуу "Биринчи радио" эфиринде "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Рустам Садыралиев билдирди. Анын айтымында, көмүр казууга болжол менен 30 лицензия берилген. Рустам Садыралиев бул уруксат берүүчү документтер Министрлер

Жибек Жолундагы көпүрөнүн туурасы 34,3 метрге кеңейтилип, ал толук ачылды

Жибек Жолундагы көпүрөнүн туурасы 34,3 метрге кеңейтилип, ал толук ачылды

Кечээ Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк тарабы реконструкциядан кийин толук ачылганын мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, жаңылоо иштеринин жыйынтыгында көпүрө толугу менен кайра курулуп, кыймыл тилкелеринин саны көбөйтүлдү. Натыйжада көпүрөнүн туурасы 34,3 метрге, ал эми узундугу 25 метрге кеңейтилди. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жасалды. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы