Депутаттар АРИСтин ишмердигин кайрадан талкуулашты

Депутаттар АРИСтин ишмердигин кайрадан талкуулашты

ЖК Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ишмердиги талкууланды. Бул тууралуу ЖК маалымат кызматы билдирди.

Талкууда АРИСтин социалдык объекттилерди куруу жана калыбына келтирүү, ошондой эле калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү  ортого салынды.

Каралган маселе боюнча аталган агенттиктин аткаруу директору Марс Наспеков маалымат берип, 2010-жылдан 2023-жылдын февралына чейинки мезгилде бүткөрүлгөн жана ишке ашырылып жаткан долбоорлору боюнча баяндама жасады.

Анын айтымында, көрсөтүлгөн мөөнөттө 29 долбоор каралып, анын ичинен 17 долбоор бүткөрүлгөн. Ал эми 12 долбоор ишке ашыруу стадиясында турат. Андан тышкары, 26 долбоордун алкагында 8 906 чакан долбоор ишке ашырылууда. Алардын ичинен 8 273 (92.8%) чакан долбоор бүткөрүлүп, 633 (7.2%) кичи долбоор боюнча тийиштүү иштер жүрүүдө. Жалпысынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорлордун суммасы 358 миллион сомду түзөт.

Жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү тарабынан АРИСтин ишин жакшыртуу боюнча сын-пикирлер жана сунуштар айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Россияда малдын массалык түрдө союлушу элдин тынчын алууда

Россияда малдын массалык түрдө союлушу элдин тынчын алууда

Россиянын бир катар аймактарында жаз башынан бери малды массалык түрдө союу жүрүп жатат. Фермерлердин айтымында, миңдеген уй, чочко, кой жана эчкилер бийлик тарабынан алынып, союуга жөнөтүлүүдө. Айрыкча Сибирь жана Поволжье аймактарында бул көрүнүш күчөп, жергиликтүү тургундар нааразычылык акцияларын уюштурушкан. Бийликтин бул аракеттери түшүнүксүз болуп жатканын, ал эми сунушталган компенсациялар жетишсиз

Жакынкы Чыгыштагы согуштан улам авиабилеттер кымбатташы мүмкүн

Жакынкы Чыгыштагы согуштан улам авиабилеттер кымбатташы мүмкүн

"Авиация тармагы COVID-19 пандемиясынын кесепеттерине салыштырмалуу олуттуу кризиске туш болду" деп Financial Times жазды. Жакынкы Чыгыштагы үч жумага созулган аскердик аракеттер массалык каттамдардын токтотулушуна, күйүүчү май тартыштыгына алып келип, авиаташууларга болгон суроо-талаптын төмөндөшү коркунучун жаратты. Авиакомпаниялардын чыгымдарынын үчтөн бири учак күйүүчү майына туура келет. Согуш башталгандан бери анын

"Кыргызкөмүр" келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрө баштады

"Кыргызкөмүр" келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрө баштады

Кыргызстанда өткөн жылы беш көмүр кен жайы ачылды — 2024-жылы 3 көмүр кен жайы гана болгон. Бул тууралуу "Биринчи радио" эфиринде "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Рустам Садыралиев билдирди. Анын айтымында, көмүр казууга болжол менен 30 лицензия берилген. Рустам Садыралиев бул уруксат берүүчү документтер Министрлер

Жибек Жолундагы көпүрөнүн туурасы 34,3 метрге кеңейтилип, ал толук ачылды

Жибек Жолундагы көпүрөнүн туурасы 34,3 метрге кеңейтилип, ал толук ачылды

Кечээ Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк тарабы реконструкциядан кийин толук ачылганын мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, жаңылоо иштеринин жыйынтыгында көпүрө толугу менен кайра курулуп, кыймыл тилкелеринин саны көбөйтүлдү. Натыйжада көпүрөнүн туурасы 34,3 метрге, ал эми узундугу 25 метрге кеңейтилди. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жасалды. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы