Дыйкандарга 2%га чейин жеңилдетилген насыя алууга мүмкүн болот – шарттар

Дыйкандарга 2%га чейин жеңилдетилген насыя алууга мүмкүн болот – шарттар

Кыргызстанда 10 миң дыйканга жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Финансы министрилиги билдирди.

Такталгандай, Финансы-кредиттик фонду, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борбору жана АРИС менен биргеликте, Дүйнөлүк банктын «Ош жана Ош облустарынын региондук экономикалык өнүктүрүү долборун ишке ашырууда.

Жалпысынан долбоор 25 жемиштүү өнөктөштүктү түзүүнү жана 10 миң фермерди тартууну пландаштырууда.

Өндүрүштүк өнөктөштүктүн  тизмеси:

Сүт, эт (ири, майда мүйүздүү мал, топоз), картофель, алма, кокон гилас, аарычылык, пахта, өзгөн күрүч, балык, май өсүмдүктөрү, жашылчалар, канаттуулар  чарбачылыгы.

Бул багытта товардык кредит төмөнкү шарттар жана өлчөмдөр менен берилет:

  • бир айыл чарба өндүрүүчүсүнө – 2 млн сомго чейин;
  • айыл чарба кооперативдери, фермердик чарбалар, үрөнчүлүк чарбалар, асыл тукум чарбалары үчүн — 20 млн сомго чейин;
  • тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык борборлор, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн 35 млн сомго чейин.

Мында 1 кошумча нарк чынжырчасын (үзүрлүү өнөктөштүк) түзүү үчүн сумма 100 млн сомдон ашпашы керек.

Пайыздык ставка:

  • 1,5% — жеке айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана дыйкан чарбалары үчүн;
  • 1,5% — айыл чарба кооперативдери, үрөн жана асыл тукум чарбаларына;
  • 2% — тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык компаниялар, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөрүнө.

Кайтаруу мөөнөтү:

  • 5 жылга чейин — өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндө — жеке айыл чарба өндүрүүчүлөрү, айыл чарба кооперативдери, үрөн жана асыл тукум чарбалары, бир жылдык көчөттөрдүн агроөндүрүүчүлөрү;
  • 7 жылга чейин — мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндө — көп жылдык көчөттөрдү өндүрүүчүлөр (багбанчылык);
  • 7 жылга чейин — тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык компаниялар, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн.

Толук маалымат үчүн байланыш номери:

КР Финансы министрлигинин Финансы-кредиттик фонду, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 58А, тел: (0312) 304883;

Агробизнес атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору: 0700911679, 0772191985.

Мындан тышкары окуңуз

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары,

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га,

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га