Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу 25 метрге түздү.

Долбоордун алкагында көпүрө толугу менен реконструкцияланып, унаа жүрүүчү тилкелердин саны көбөйтүлдү, ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуарлар каралды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды

Депутаттар Кочкордогу чокуга Ормон хандын ысымын ыйгарууну жактырышты

Өкмөт башчы Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынына катышты