Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди.

Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га жогорулап, жалпы инфляциянын деңгээлине 0,85%дык пункт өлчөмүндө таасир этти.

Айрым негизги товар топтору боюнча төмөнкүдөй өзгөрүүлөр катталды:

  • Нан жана дан азыктары 0,3%га кымбаттады. Бул негизинен Казакстандагы буудайдын баасынын өсүшү жана логистикалык чыгымдардын көбөйүшү менен байланыштуу;
  • Жемиштер жана жашылчалар 6,2%га жогорулады (жемиштер – 3,9%, жашылчалар – 8,2%). Баалардын өсүшү сезондук факторлор, импорттук баалар жана сактоо чыгымдарынын жогорулашы менен шартталды;
  • Сүт азыктары, сыр жана жумуртка 3,6%га кымбаттады. Бул сүт өндүрүшүнүн азайышы, жумуртканын сунушунун кыскарышы жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү баа жагдайынын таасири менен түшүндүрүлөт;
  • Майлар жана тоң майлар 1,4%га өстү. Бул дүйнөлүк рынокто өсүмдүк майларынын баасынын жогорулашы менен байланыштуу.

Ошол эле учурда дүйнөлүк рынокто эт баалары өсүп жаткандыгына карабастан, Кыргызстанда эт продукцияларынын баасы 5,1%га төмөндөгөнү белгиленди. Бул көрсөткүч инфляциянын деңгээлин 0,7%дык пунктка төмөндөтүүгө шарт түздү.

Баалардын төмөндөшү 2026-жылдын 30-январынан тартып киргизилген мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен байланыштуу. Анын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында уй жана кой этине чекене баалардын жогорку чеги белгиленген.

Бул чаралар ички рынокто баалардын өсүшүн ооздуктоого жана инфляциялык басымды азайтууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджетке 2 млрд 982 млн сом салык чогултулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, салык чогултуу боюнча белгиленген план 108 %га аткарылган. Анын ичинен республикалык бюджетке 1 млрд 579 млн сом түшүп, план 112,2

Ишкер Media
Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Жогорку Кеңештин экологиялык коопсуздукту иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы Кара-Балта шаарындагы “Джунда”, “Азия Сталь” жана “СУ-4” ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти. бул тууралуу ЖКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүугө караганда, жергиликтүү тургундардын абанын булганышы боюнча арыздарынан улам “Азия Сталь” заводунун мештери убактылуу токтотулуп, учурда ишкана өндүрүштү модернизациялоо жана чыпкаларды

Ишкер Media
Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жай ишканаларын узак мөөнөттүү каржылоого багытталган атайын мамлекеттик банк түзүү сунушу коомдук талкууга коюлду. Экономика министрлиги сунуштаган долбоорго ылайык, өнөр жайды өнүктүрүү банкын мамлекеттин 100 % катышуусу менен ачык акционердик коом түрүндө түзүү каралууда. Акционердин ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети же берилген ыйгарым укуктардын чегинде ал ыйгарым укук

Ишкер Media
Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылында көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн 25 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курула баштады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирет. Маалыматка ылайык, Белек айылында буга чейин ипподром болгон. Жакында эле бул жерде Чүй облусунун 100 жылдыгы белгиленген. Аймакта ат чабыштарды өткөрүү

Ишкер Media