Кайсы сайттар кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын эң көп чогултат — изилдөө

Кайсы сайттар кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын эң көп чогултат — изилдөө

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Агенттик) веб-сайттардан жана мобилдик тиркемелерди колдонуучунун кандай маалыматтары талап кылынарын жана суроо-талаптын жол-жобосу мыйзамга ылайык келер-келбесин аныктоо максатында изилдөө жүргүздү.

Веб-сайттардын тизмеси www.net.kg  порталынан алынды, анда киргендердин санына жараша веб-сайттардын рейтинги камтылган. Мындан тышкары, ар кандай товарларды жана кызматтарды көрсөтүүчү эң көп “колдонулган” веб-сайттар эске алынган.

Жалпысынан 203 веб-сайт жана 59 мобилдик тиркеменин үч критерий боюнча талдоого алынган. Веб-сайттар үчүн чогултулган маалыматтардын 11 негизги категориялары аныкталган:

  • толук аты-жөнү
  • жынысы;
  • телефон номуру;
  • туулган күнү;
  • паспорттук маалыматтар;
  • социалдык абалы;
  • сүрөт;
  • электрондук дарек;
  • медициналык маалыматтар;
  • дареги/жайгашкан жери;
  • Банктык маалыматтар.

Мобилдик тиркемелерди изилдөөдө төмөнкү 14 негизги идентификаторлор аныкталган:

  • толук аты-жөнү
  • жынысы;
  • телефон номуру;
  • туулган күнү;
  • паспорттук маалыматтар;
  • фото/видео;
  • электрондук дарек;
  • медициналык маалыматтар;
  • дареги/жайгашкан жери;
  • социалдык тармактардагы баракчалар;
  • IP дареги;
  • cookie файлдары;
  • үй-бүлөлүк абалы
  • Банктык маалыматтар.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын шаарында көмүрдү кымбат сатууну көздөгөндөр кармалды

Нарын шаарында көмүрдү кымбат сатууну көздөгөндөр кармалды

УКМКдан билдиришкендей, 8-декабрда УКМК Монополияга каршы кызматтын аймактык бөлүмү жана Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте Кара-Кече кенинен (108 тонна) көмүр жүктөлгөн 6 жеке жүк ташуучу унааны кармаган. Алар көмүрдү Нарын шаарында жогорулатылган баада (тоннасына 6000 сом) сатууну пландап жатышкан. Аталган унааларга Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл аймагынан берилген ишеним каттын

Жети-Өгүздөгү 27,55 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздөгү 27,55 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышы жана сакталышын текшерүү максатында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында Барскоон айыл өкмөтүндөгү жалпы 2,4 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашылды

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун каржылоо боюнча насыялык макулдашууга кол коюу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди. Макулдашууга долбоорду ишке ашыруучу “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсы жана Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү

Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар  артка кайтарылды

Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар артка кайтарылды

14-декабрда фитосанитардык көзөмөл пункту "Черлакский" (МАПП "Ольховка") аймагында Россия ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Омск облусу боюнча инспекторлору Омск бажысынын мобилдик тобу менен биргеликте Кыргызстандан келе жаткан жашылчалар жүктөлгөн жүк ташуучу унааны токтотушкан. Маалыматка ылайык, Россия Федерациясына киргизүү үчүн фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон 21 тонна продукция