2022-жылы темир жолу аркылуу 8 млн тонна жүк ташылган
2022-жылы темир жолу аркылуу 8 млн тонна жүк ташылып, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 361.5 миң тоннага көбөйгөн. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» билдирди.
Маалыматка ылайык, жүк ташуунун көбөйүшүнүн факторлорунун бири болуп, компаниянын 2021-2022-жылдары 100 жүк ташуучу жартылай вагон сатып алуусу саналат, алар КР келгенден кийин дароо ишке киргизилген.
Ошондой эле «Кыргыз темир жолу» 268 687 жүргүнчү ташыган: эл аралык каттамда 14 272 жана ички каттамда 254 415 жүргүнчү ташыган. Эл аралык жүргүнчү поезддери 2022-жылдын 6-июнунан тарта каттай баштаган.