Кыргызстанда 17.3 миң км темир жол оңдолду
2022-жылы Кыргызстанда 17.3 миң 319 км темир жол оңдолду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» билдирди.
Ошондой эле отчеттук мезгилде 11 жүргүнчү вагон капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Деполук оңдоодон 239 вагон өткөрүлгөн, анын ичинде 12 жүргүнчүлөрдү ташуучу жана 227 жүк ташуучу вагондор.
Мекеме билдиргендей, ташуу процессинде коопсуздуктун зарыл талаптарын сактоо максатында компания кыймылдуу состав паркын (локомотивдер жана вагондор), темир жол рельстерин, жасалма курулмаларды, суу менен камсыздоо тутумдарын, электр менен камсыздоону жана коммуникацияларды өз каражаттарынын эсебинен тейлейт жана оңдойт.