Кыргызстандын алтын запасы 47 тоннаны түзөт

Кыргызстандын алтын запасы 47 тоннаны түзөт

Жогорку Кеңештин депутаттары Арсланбек Малиев, Надира Нарматова жана Динара Ашимова маалымат жыйынында алтын өндүрүүнү жана сатууну иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иши, «Кумтөр Голд Компанинин» 2012-жылдан берки ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти. Алар ошондой эле ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Убактылуу комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев комиссиянын ишинин жыйынтыгында «Кумтөр Голд Компани» ишканасында сакталган, экспорттолгон жана сатылган алтындын саны, сапаты жана өздүк наркы боюнча уурдоо, бурмалоо фактылары аныкталбаганын баса белгиледи.

2023-жылдын 26-январына карата Улуттук банктын сактагычындагы КРнын алтын запастарынын калдыгы дээрлик 44 тоннаны түзөт. Ал белгилегендей, Улуттук банктын маалыматы боюнча, Швейцариянын UBS коммерциялык банкында дагы бир тонна бар.

«Бүгүнкү күндө алтындын жалпы көлөмү 47 тоннага жакын», — деп баса белгилеген депутат жана январь айында алтындын көлөмү 45 тоннаны түзгөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолунун курулушун каржылоо боюнча кредиттик макулдашууга кол коюлду

Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолунун курулушун каржылоо боюнча кредиттик макулдашууга кол коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун каржылоого багытталган кредиттик макулдашууга кол коюу аземине катышты МинКаб басма сөз кызматы билдирди. Макулдашуу "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол компаниясы" ЖЧКсы (үч өлкө тарабынан түзүлгөн биргелешкен долбоордук компания) менен Кытай Эл Республикасынын банктарынан турган

Нарын шаарында көмүрдү кымбат сатууну көздөгөндөр кармалды

Нарын шаарында көмүрдү кымбат сатууну көздөгөндөр кармалды

УКМКдан билдиришкендей, 8-декабрда УКМК Монополияга каршы кызматтын аймактык бөлүмү жана Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте Кара-Кече кенинен (108 тонна) көмүр жүктөлгөн 6 жеке жүк ташуучу унааны кармаган. Алар көмүрдү Нарын шаарында жогорулатылган баада (тоннасына 6000 сом) сатууну пландап жатышкан. Аталган унааларга Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл аймагынан берилген ишеним каттын

Жети-Өгүздөгү 27,55 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздөгү 27,55 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышы жана сакталышын текшерүү максатында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында Барскоон айыл өкмөтүндөгү жалпы 2,4 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашылды

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун каржылоо боюнча насыялык макулдашууга кол коюу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди. Макулдашууга долбоорду ишке ашыруучу “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсы жана Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү