АКШга визалар үчүн төлөм кымбаттады

АКШга визалар үчүн төлөм кымбаттады

2023-жылдын 30-майынан тарта АКШга келүүчү визалар жана башка иммиграциялык эмес визалар үчүн төлөм дүйнө жүзү боюнча 160$ дан 185$ га чейин жогорулайт. Бул тууралуу Бишкектеги АКШ элчилиги билдирди.

Ошондой эле атайын петицияга негизделген визанын баасы (H, L, O, P, Q жана R) 190$ дан 205$ га чейин жогоруламакчы, ал эми E визага арыз берүү акысы 205$ дан 315$ га чейин жогорулайт.

Буга чейин виза төлөмүн төлөгөн жана жарактуу квитанциясы бар талапкерлер интервьюга жазылуу үчүн эч кандай кошумча жыйым төлөбөйт экендиги белгиленет.

Интервьюга кирип, учурда арызы каралып жаткандар да кабатырланбаса болот — алар да эч кандай кошумча төлөмдөрдү төлөбөйт.

Дүйнө жүзү боюнча визалык төлөмдөрдүн көтөрүлүшү боюнча суроолор боюнча ConsularBishkek@state.gov кайрылыңыз, деп билдирет элчиликтин маалымат кызматы.

Ошондой эле виза тууралуу кененирээк маалыматты элчиликтин веб-сайтынан тапса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары,

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га,

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га