Alpen Gold, Milka жана Oreo «адал» сертификатын алды

Mondelēz International компаниялар тобу Борбор Азия өлкөлөрүнүн рыногунда сунушталган айрым бренддердин продукциясына «халал» (адал) сертификаттарын алды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

10-апрелде Mondelēz International Кыргызстанда жана «Евразия» бөлүмүнүн башка өлкөлөрүндө сатылган Alpen Gold, Milka, «Барни», Oreo, Dirol, Toblerone жана башка бренддердин негизги продукцияларына «халал» сертификаттарын алды. Бул сертификаттын болушу ингредиенттердин курамы, таңгактары, өндүрүш линиялары жана технологиялары адал индустриясынын эл аралык стандарттарына туура келерин тастыктайт.

Айта кетсек, Mondelēz International компаниясынын «Евразия» бизнес-бөлүмү 10 өлкөнү камтыйт: Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан.

Read more

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас районунун Беш-Таш айылында быйыл күзүндө Арашан бренди менен ичүүчү минералдык суу чыгаруучу кичи завод иштей баштайт. Долбоор Талас районунун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Башкармалыкта белгиленгендей, ишкананын курулушуна 10,1 млн сом каралса, анын 7 млн сому жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн.

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

«Альянс Алтын» ЖЧКсынын Борбордук анализ жана аналитикалык лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык стандартына ылайыктуулугу боюнча аккредитациялык сертификатка ээ болду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Компания белгилегендей, бул стандарт сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенциясына талаптарды белгилейт жана алардын масштабына карабастан лабораториялык сыноолорду жүргүзгөн бардык уюмдарга жайылтылат. Аккредитация

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

2025-жылдын 23-июлунда «Альянс Алтын» компаниянын расмий штаттык курамына 1000-кызматкер кабыл алынды. Бул тууралуу ишкана билдирди. Такталгандай, жаңы кызматкер Сасык-Булак айылынын (Шумкар-Уя айыл аймагы) тургуну Сыргак уулу Бекболсун болду. Ал 18-июлда ишкананын Автотранспорт башкармалыгынын Автоунааларды оңдоо кызматына нөөмөтчү автослесарь болуп жумушка орношкон. Бул символикалык сан кызматкерлердин катары көбөйүп жатканын гана эмес,

Таласта аймакты өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынды — «Альянс Алтын» ишке ашырууга жардам берет

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү облустун социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын кабыл алды. Ишке ашырууну министрлер кабинети «Альянс Алтын» компаниясы менен биргеликте ишке ашырат. Бул тууралуу облус жетекчиси Эрмат Жумаев билдирди. Долбоорлорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүп, аймактын ар тараптуу өнүгүүсүнө стимул болот деген ишенимин билдирди. «Акыркы 10 жылда «Альянс