Мамлекетке караштуу «Туратали базарын» директору МЖӨ аркылуу 49 жылга ижарага алган — Factcheck

Мамлекетке караштуу «Туратали базарын» директору МЖӨ аркылуу 49 жылга ижарага алган — Factcheck

Factcheck.kg басылмасынын журналисттери Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири «Кара-Суу» базарына кирген «Туратали базар» аталган мамлекеттик базар директорунун апасына катталган фирма тарабынан 49 жылга ижарага алынганын аныкташкан.

Factcheck.kg басылмасы Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Туратали базары» мамлекеттик ишканасы менен «Кара-Суу» соода базарынын ортосундагы келишимге көңүл бурган. Бул жыл сайын мамлекеттик ишканаларга инвестиция салуу үчүн акча чогулткан Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун отчетторунда көрүнөт. 2022-жылы борборго 30 млрд сомдон ашык инвестиция тартылып, МЖӨ алкагында 15 келишимге кол коюлган.

Мамлекеттик «Туратали базары» менен «Кара-Суу» жеке базарынын ортосундагы келишимде мамлекеттик мүлк 49 жылга ижарага берилип, 1 млрд сомдон ашык инвестиция тартуу каралган.

Эске сала кетсек, «Кара-Суу» базары Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири: көлөмү жана соода көлөмү боюнча «Дордойдон» кийинки орунда турат. Кара-Суу базарынын аянты дээрлик 20 гектарды түзөт. Базар 18 жеке кичи базарды жана бир мамлекеттик – ошол «Туратали базарын» камтыйт. Учурда мамлекеттик ишканага 6.26 гектар жер жана базардын мүлк комплексинин бир бөлүгү: 1284 соода жайы жана 610 контейнер бекитилген.

Factcheck.kg билдиргендей, 2022-жылдын 5-сентябрында «Туратали базары» менен «Кара-Суу» соода базарынын ортосунда МЖӨ боюнча келишимге кол коюлган.

Соода мейкиндигин модернизациялоого жана жаңы соода жана мейманкана объектисин курууга заманбап инфратүзүмдү түзүү зарылчылыгы, мамишкананын заманбап санитардык-экологиялык нормаларга, өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербегени, электр түйүндөрүнүн эскилиги себеп болгон.

Сунуш кылынган инвестициялардын көлөмү 1 млрд сомдон ашык сумманы ($12 млн) түзгөн, алар иштин төмөнкү түрлөрүнө багытталат:

  • рынокто сатуучулар жана керектөөчүлөр үчүн жагымдуу эмгек шарттарын түзүү;
  • «Туратали базары» мамлекеттик ишканасынын аймагында жабык соода комплексинин болушу;
  • суу менен камсыздоо жана канализация, медициналык жана дарыкана пункттары, коомдук тамактануу ишканалары, душ, дааратканалар менен камсыз кылуу менен заманбап инфратүзүмдү түзүү;
  • санитардык, экологиялык нормалардын, сооданын жана коомдук тамактануунун эрежелеринин, эмгекти коргоонун, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана нормаларынын талаптарын сактоо менен сооданы камсыз кылуу;
  • шаар менен оптималдуу транспорттук байланышты камсыз кылуу, базарды облустун бардык райондору менен байланыштырган каттамдарды ачуу;
  • комплекстин аймагына кирүүчү жана чыгуучу жолдорду негизги транспорттук каттамдар менен ыңгайлуу байланышты камсыз кылуучу транспорттук түйүн куруу;
  • эл үчүн ыңгайлуу паркингди камсыз кылуучу жер астындагы унаа токтотуучу жайлардын болушу;
  • соода комплексине кирүүчү жолдорду оңдоону жана реконструкциялоону ишке ашыруу.

Factcheck.kg белгилегендей, «Кара-Суу» соода рыногу ЖЧК 2022-жылдын 10-майында катталган, дүң соода менен алектенет, курулуш иштерине адистешкен эмес. Бирок Экономика министрлигинин сайтындагы биринчи эле сүйлөмүндө «МЖӨнүн долбоору узак убакытка эсептелген жана учурдагы соода аянтчаларын модернизациялоого жана жаңы соода жана мейманкана объектисин курууга багытталган» деп жазылып турат.

2023-жылы эле бюджетке которулган салык төлөмдөрүнүн суммасы 2 млн сомду түзгөн. Фирманын негиздөөчүлөрү болуп Адылова Миргүл Адыловна жана Курбаналиева Күмүшай Жапаровна саналат. Акыркы – «Тураталы базары» МИнин директору Эргешов Нурбек Тойчубековичтин энеси болуп эсептелет. Буга алардын фамилияларынын окшоштугу да далил – мурда Нурбек Эргешовдун фамилиясы Курбаналиев болчу. Бул тууралуу аткаминер өзү да билдирген.

«Фамилиямды өзгөрткөм, бул чындык. Курбаналы атамдын чоң атасы, ал эми Эргеш менин чоң атам. Атамдын аты Тойчу», – деген ал мурда.

Андан сырткары паспортту алмаштырууга документте «энеси» деген жерде Курбаналиева Күмүшай Жапаровна деп көрсөтүлгөн.

Factcheck.kg редакциясы компания тууралуу маалымат алыш үчүн анын директору менен байланышкан. Ал бизнес чынында эле энесине катталганын жана бул ишке Кара-Сууда «бардык инвесторлор качып кеткенине» байланыштуу барганын билдирген.

«Убада бергенден кийин куруш керек болду (соода борборун – ред. түш.), бирок мамлекет бизге бир да сом жардам бербейт. 1.5 млрд сомго куруу – бул оңой иш эмес. Макул, энемди алып коёюн, анда башкасын (инвесторду – ред. түш.) таап бергиле. Анда мен курулушту токтотушум керек болот. Мен Москвадагы досторуман 10-30 миллиондоп карыз алгам. Башка бирөө акчасын салгысы келбейт, коркот. Кара-Суу дегенде инвесторлордун баары жаа бою качат», – деп түшүндүрдү аткаминер.

«Туратали базарындагы» мамлекеттик жер директордун энеси ээ болгон компанияга өткөнүн ЖКнын депутаты Балбак Түлөбаев билдирген.

«Туратали базарынын» сатуучулары базардын администрациясы аларга тийиштүү жерлердин бир бөлүгүн тартып алгысы келип жатканына нааразы. Ал тургай бул максатта сотко да кайрылышкан. Алар соттук териштирүүлөр токтобой уланып жатканын билдиришет. Андан сырткары базардын ээси Нурбек Эргешовдон алардын соода имараттарын сатып алуу тууралуу сунуш түшкөн, бирок сунушталган сумма ($20 миң) аларды канааттандырган эмес.

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамга ылайык, конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн каралып жаткан долбоорго карата кызыкчылыктарынын кагылышуусу болбоосу тийиш. Өз кезегинде конкурстук комиссиянын курамына мамлекеттик өнөктөштүн өкүлдөрү, тиешелүү инфратүзүмдүк объект боюнча тажрыйбага жана билимге ээ адис, экономика же финансы, юриспруденция жаатындагы адистер, долбоор түздөн-түз таасирин тийгизүүчү жергиликтүү коомчулуктун өкүлү кирет (10-берене, 6-пункт).

«Конкурста жеңүүчүнү аныктоодо мыйзамдын нормалары одоно бузулган. Кызыкчылыктардын кагылышуусу бар экени даана көрүнүп турат, анткени мамлекеттик ишкананын жакын бир тууганы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча контракт алган. Сатуучулардын жерин алуу жана алардын кызыл китеби боюнча маселени сот чечиши керек», — деп жыйынтыктайт Factcheck.kg редакциясы.

Мындан тышкары окуңуз

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары,

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га,

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га