Мигранттар которгон акча февраль айында көбөйгөн, бирок былтыркыга салыштырмалуу бир топ аз

Мигранттар которгон акча февраль айында көбөйгөн, бирок былтыркыга салыштырмалуу бир топ аз

Быйылкы жылдын февраль айында мигранттар Кыргызстанга $151.4 млн которгон. Жыл башына салыштырмалуу мигранттардан түшкөн каражаттын агымы көбөйгөн. Ал эми өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу олуттуу азайган. Мындай корутунду Улуттук банктын сайтында жарыяланган маалыматтарга негизделген.

Ошентип, бул жылдын январь айына салыштырмалуу мигранттар Кыргызстанга дээрлик 3.5% га көп акча которгон. Ал эми өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу агым дээрлик 20% га кыскарган. Анда өлкөгө акча которуу системалары аркылуу $187.6 млн түшкөн эле.

Алынган акчанын дээрлик 91%ы – 137 млн доллардан ашык — Россиядан түшкөн. Бирок бул өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу дээрлик төрттөн бир бөлүккө аз.

Февраль айында КМШнын башка өлкөлөрүнөн акча которуулардын көлөмү 5 млн долларга жеткен эмес, ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 9 млн доллардан ашык каражат келген. Айтмакчы, алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга которуулар жыл ичинде 1.8 эсеге өскөн.

Жалпысынан быйылкы жылдын алгачкы эки айында өлкөгө акча которуу системалары аркылуу 298 млн доллар түшкөн, бул 2022-жылдын январь-февраль айларына (364.6 млн доллар) салыштырмалуу 18.2%га аз.

Мындан тышкары окуңуз

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары,

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га,

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га