ӨКӨФ «Би Такси» компаниясына 56 автоунаа сатып алууга кредит берет
6-апрелде Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду (ӨКӨФ) менен «Би Такси» ишканасы өз автопаркын жаңылоо боюнча кредиттик келишимге кол коюшту. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.
ӨКӨФ тарабынан бөлүнгөн каражатка транспорттук компания UzAuto Motors чыгарган Chevrolet Cobalt маркасындагы 56 автоунаа сатып алат. Бул долбоор элүүдөн ашык жаңы жумуш орунун түзүп, ошондой эле заманбап унааларды алып келүү менен шаардын экологиясын жакшыртууга салым кошмокчу.