Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Жеңиш күнүнө карата 100 миң сомдон берилет

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Жеңиш күнүнө карата 100 миң сомдон берилет

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Жеңиш күнүнө карата 100 миң сомдон төлөнөт. Акчаны Кыргызстанда жашаган 68 согуш ардагери алат. Бир жолку төлөм боюнча тийиштүү буйрукка Садыр Жапаров кол койду.

Президенттик аппараттын кабарына ылайык, мындай чечим 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңүүнүн дүйнөлүк-тарыхый маанисин, ошондой эле улуу жеңиштин 78 жылдыгын майрамдоону эске алуу менен кабыл алынган.

2023-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери жашайт, алардын ичинен:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун 12 инвалиди,
  • Улуу Ата Мекендик согуштун 35 катышуучусу,
  • Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка кармоо жайларынын жашы жете элек туткундарынын ичинен тогуз адам;
  • 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада учурунда Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген, «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган, ошондой эле «Курчалган Ленинграддын жашоочусу» төш белгиси менен сыйланган 12 адам.
Жогорудагы ардагерлердин ар бирине 100 000 сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Президенттин администрациясы ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна айына 7 миң сомдон акчалай компенсация жана өмүр бою төлөнчү 10 миң сомдук президенттик стипендия төлөнүп жатканын эске салды.

Мындан тышкары окуңуз

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары,

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га,

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га