АӨБ Бишкектеги абаны тазартуу боюнча 470 млн долларлык планын сунуштады

11-апрелде Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планынын алдын ала презентациясын өткөрдү. Бул план АӨБнын «Жашаганга ыңгайлуу шаарлар үчүн интеграцияланган жана инновациялык чечимдер» жана «Алматы — Бишкек экономикалык коридору» долбоорлорунун алкагында иштелип чыккан.

Презентация учурунда АӨБнын Кыргызстандагы туруктуу миссиясынын долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн башчысы Сезар Лоренс: «Бишкек тазараак энергияны колдонууга, үй чарбаларында энергияны натыйжалуу пайдаланууга, транспорт менен байланыштуу түтүндүн бөлүнүп чыгуусун азайтууга жана абанын булганышынын себептерин түшүндүрүүгө басым жасашы керек», — деп белгилеп кетти.

Ал эми ICF жетекчисинин орун басары Галина Артюхина борбор калаанын абасын тазартуу маселесин чечүүдө 11 приоритеттүү жол жана аларды ишке ашыруу үчүн мүмкүн болуучу чыгымдарды атады:

  • автотранспорт каражаттарынын зыяндуу заттарды чыгаруу стандарттарын өлчөө жана белгилөө — 9-16 млн доллар;
  • базалык изилдөө, анын ичинде мониторинг жана таасирди баалоо — 1.7-2 млн доллар;
  • турмуш-тиричилик жылытуу системасын көмүрдөн таза отунга өткөрүү — 20-25 млн доллар;
  • коомдук транспорттун инфраструктурасын модернизациялоо – 450-600 миң доллар;
  • шаар куруу жана шаарды өнүктүрүү үчүн курулуш нормаларын иштеп чыгуу/кайра карап чыгуу — 100-250 миң доллар;
  • жол чаңынын пайда болушуна жол бербөө — 100-250 миң доллар;
  • үйлөрдү жылуулоо — 375 млн доллар;
  • ДССУнун абанын сапатына байланыштуу бардык маанилүү ооруларын камтуу үчүн статистикалык жагдайды кеңири изилдөө — 200-350 миң доллар;
  • транспорттун агымынын өзгөрүшүнүн түтүндүн көлөмүнө жана абанын сапатына таасирин баалоо үчүн транспорттук суроо-талаптын моделин иштеп чыгуу — 1 млн доллар;
  • «Эко5/6» стандартындагы автоунааларын колдонууга өбөлгө түзүү үчүн экономикалык стимулдар — 25-50 млн доллар;
  • кыймыл талап кылган тебүүчү транспорт, жөө жүрүүнүн үлүшүн өстүрүү — 300-500 миң доллар.
Бардык сунушталган чараларды ишке ашыруунун жалпы баасы 433-471 млн долларды түзөт.

Сезар Лоренстин айтымында, эгерде Бишкек бул долбоорду ишке ашырса, анда Борбор Азиянын башка шаарларына үлгү боло алат.

Мындан тышкары окуңуз

Таластагы Семетей айылын таза суу менен камсыздоого 25 млн сом бөлүндү

Таластагы Семетей айылын таза суу менен камсыздоого 25 млн сом бөлүндү

Талас облусуна карашту Манас районунун Семетей айылын таза суу менен камсыздоо үчүн 25 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ага Семетей айылынын эски суу топтоочу жайындагы 4 скважина тазаланган. Аталган маселе 2024-жылы өткөн III Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөн. Андан сырткары, К.Жаманкулов жана Ажыбек

Венгрия–Кыргызстан форуму: тамак-аш секторундагы инвестиция жана технологиялык кызматташтык

Венгрия–Кыргызстан форуму: тамак-аш секторундагы инвестиция жана технологиялык кызматташтык

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкектеги Венгрия Элчилигинде Венгрия–Кыргызстан тамак-аш өнөр жайы форуму өтүп жатат. Иш-чарага алдыңкы венгр компаниялары – Maurer Gép, Kavali жана Unimatik катышып, мөмө-жемиштерди кайра иштетүү үчүн заманбап жабдуулар менен инновациялык чечимдерди тааныштырышууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Форумдун максаты – кыргыз жана венгр ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, инвестициялык жана

Кытай Россиянин мунай импортунун жарымынан баш тартууга аргасыз болду

Кытай Россиянин мунай импортунун жарымынан баш тартууга аргасыз болду

АКШнын санкцияларынан улам Кытай Россия мунайынын импортунун жарымынан баш тартканын Bloomberg маалымдады.  Россия нефтисин сатып алуудан баш тарткандардын ичинде Sinopec и PetroChina Co. сыяктуу мунайды кайра иштетүүчү ири мамлекеттик компаниялар жана “чайнек” аталышы менен белгилүү жеке ишканалар бар.   Shandong Yulong Petrochemical Co. компаниясы Англия менен Евробиримдиктин кара тизмесине киргенден кийин

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат

2020-жылы тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 366 суроо-талап жиберилип, баары иштелип чыккан жана аларга тиешелүү жооптор берилген. Келишимдин