Каныш-Кыя айылында 5 млн сомго чакан ГЭС куруу пландалууда
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында муниципалдык чакан ГЭС куруу пландалууда. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн эл менен жолугушуусунда район акими Алтынбек Сенирбаев билдирди.
Азыркы учурда жергиликтүү бюджеттен долбоорлоо жумуштарына 5 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Чакан ГЭС 5 МВт өлчөмүндөгү электр энергиясын өндүрүп, жергиликтүү казынанын жыл сайын 60 млн сомдон ашуун киреше бөлүгүн камсыздаары болжолдонгон.