«Кыргызалтын» россиялык «Березовский рудник» менен бирге алтынды бөлүп алуунун жаңы ыкмасын колдонмокчу

«Кыргызалтын» россиялык «Березовский рудник» менен бирге алтынды бөлүп алуунун жаңы ыкмасын колдонмокчу

10-апрелде Екатеринбург шаарында «Кыргызалтын» ААК менен «Березовский рудник» ири тоо-кен компаниясынын ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу «Кыргызалтындын» маалымат кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Россия ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун эң актуалдуу маселелерин талкуулашып, эки өлкөнүн тоо-кен тармагын өнүктүрүү маселелерине басым жасашты.

«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимовдун билдирүүсү боюнча, кызматташтыктын алкагында алтынды жаңы метод менен бөлүп алуу боюнча алдыңкы технологияны кеңири колдонуу болуп эсептелет. Себеби мурдагы алтынды бөлүп алуу ыкмасына караганда жогорудагы  жаңы метод эки эсе арзан түшөөрү иш жүзүндө аныкталган.

Аны менен катар тараптар өз  кызматкерлеринин  тажрыйба алмашууларына, айлана-чөйрөгө кен иштетүүнүн тийгизген таасирин минималдаштыруу жаатында иш алып барууга кызыкдар экендигин белгилешти.

Айта кетсек, «Березовский Рудник» — 1745-жылдан бери иштеп жаткан Уралдагы эң байыркы тоо-кен ишканасы болуп саналат. Алтын кен 275 жылдан бери Россиянын баалуу сырьё менен камсыз кылып келе жаткан, дүйнөдөгү эң узак иштеген алтын кендердин алдыңкы сабында турат.

Мындан тышкары окуңуз

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары,

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га,

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га