Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Россияга караганда 10 эсеге көп төлөнөт

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Россияга караганда 10 эсеге көп төлөнөт

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына карата Кыргызстандагы ардагерлердин ар бирине 100 миң сомдон жөлөк пул берилет. Economist.kg Кыргызстан менен Россиядагы ветерандардын бир жолку төлөмдөрүн салыштырды.

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Жеңиш күнүнө карата 100 миң сомдон төлөнөт. Бул жылы ал төлөмдү 68 адам алат. Бир жолку төлөм боюнча тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койду.

Россияда 2019-жылдан бери Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары 9-майга чейин 10 миң рубль өлчөмүндө жыл сайын жөлөк пул алышат. Рублдин сомго карата азыркы курсу боюнча бул Кыргызстандан дээрлик он эсеге аз.

Өлкөнүн бир катар аймактарында ардагерлерге өздөрүнүн кошумча бир жолку төлөмдөрү белгиленет же мамлекеттик төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйөт. Ошентип, Москвада ушул жылдын 9-майына карата төлөмдөр 10 миңден 25 миң рублга чейин белгиленет. Аларды дээрлик 50 миң адам алат.

Ошондой эле, быйыл Россиянын Мамлекеттик думасына Жеңиш күнүндө ардагерлерге жалпы улуттук төлөмдү 10 миңден 75 миң рублга чейин жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору сунушталганын кошумчалайбыз. Бирок мыйзамга өзгөртүүлөр азырынча кабыл алына элек. Эгерде Россия ардагерлерге төлөнүүчү төлөмдөрдү депутаттар сунуштаган суммага чейин көбөйтсө, Россиянын айрым аймактарында гана жөлөк пулдун өлчөмү Кыргызстандагы төлөмдөр менен теңелет.

Мындан тышкары окуңуз

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары,

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га,

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га