Россельхознадзор Кыргызстандын сүт заводдорун текшергени комиссия жөнөттү

Россельхознадзор 10-апрелден 16-апрелге чейин Россияга сүт азыктарын жөнөткөн Кыргызстандагы беш өндүрүүчү ишкананы текшерет. Бул тууралуу россиялык департамент билдирди.

Текшерүүнүн алкагында Россельхознадзордун кызматкерлери ЕАЭБдин ветеринардык мыйзамдарында бекитилген сапат жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча сүт азыктарын текшерген лабораторияларга, ошондой эле сүт кабыл алуу пункттарына барышат.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ветеринардык кызматы экспортко, анын ичинде Россияга жөнөтүлгөн сүт азыктарын өндүрүүчүлөргө карата жүргүзгөн контролдук-көзөмөлүнүн натыйжалуулугу боюнча тыянак чыгарылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кепилдик фонду менен Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишкердикти колдоо боюнча макулдашты

Кепилдик фонду менен Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишкердикти колдоо боюнча макулдашты

«Кепилдик фонд» ААК менен Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фонду КРда ишкердикти колдоого багытталган кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюшту. Бул документ ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында тараптардын өз ара аракеттенүүсүн, айрыкча, жетишсиз күрөөгө ээ болгон ишкерлерге кепилдик берүү аркылуу насыя алууга шарт түзүүгө багытталат. Макулдашууга «Кепилдик фонд» ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров жана

Статком колдонуучулардын канааттануу деңгээли боюнча сурамжылоо жүргүзүүдө

Статком колдонуучулардын канааттануу деңгээли боюнча сурамжылоо жүргүзүүдө

Улуттук статистика комитети өзүнүн ишмердүүлүгүнө жана берилүүчү статистикалык маалыматтарга колдонуучулардын канааттануу даражасын аныктоо боюнча сурамжылоо баштады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтында жарыяланды. Сурамжылоонун максаты — жарандардын, уюмдардын жана башка колдонуучулардын статистикалык маалыматтын сапаты, маалыматка жеткиликтүүлүгү жана комитеттин расмий сайтынын иши жөнүндө пикирин билүү. Алынган жооптор сервистерди жакшыртууга, ачык-айкындуулукту жогорулатуу

Кыргызстанда айдоочуларды онлайн окуткан автомектептер ачылат

Кыргызстанда айдоочуларды онлайн окуткан автомектептер ачылат

Кыргызстанда келечектеги айдоочуларды онлайн форматта окуткан автомектептерди түзүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин санариптештирүү боюнча орун басары Алмаз Раимбеков түз эфирде билдирди. Жаңы формат сабакка күндүз келе албаган жарандарга жол кыймылынын эрежелерин аралыктан өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Раимбековдун айтымында, бул система балдары бар аялдар жана башка себептер менен класска

Сот аткаруучулары казынага 9 айда 510 млн сом кайтарышты

Сот аткаруучулары казынага 9 айда 510 млн сом кайтарышты

2025-жылдын 9 айында Башкы прокуратуранын Сот аткаруучулар кызматы мамлекеттик казынага 510 млн 889 миң сом  жана 165 миллиондон ашык сомго бааланган мүлктү кайтарууга жетишкенин аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.  Аталган кызматтын билдиришинче, 2024-жылдын 9 айында 464 млн 570 миң сом мамлекетке кайтарылган. Быйылкы жылдын сентябрь айынын жыйынтыгы боюнча республика боюнча