Жыл башынан бери Кыргызстанга 1.5 млрд долларлык товар кирсе, экспорт 255 млн доллардан ашты

Улутстаткомдун маалыматы боюнча, быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандан 255.6 млн долларлык товар экспорттолгон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.2%га көбүрөөк. Ал эми ошол эле мезгилде импорт 1.3 млрд долларды түзгөн.

Жалпы экспорттун 161.2 млн доллары (63.1%), ал эми импорттун 384.1 млн доллары (26.3%) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге туура келет. Кыргызстандын ЕАЭБден тышкаркы үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодасынын жалпы көлөмү 1.2 млрд долларды түздү.

Read more

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас районунун Беш-Таш айылында быйыл күзүндө Арашан бренди менен ичүүчү минералдык суу чыгаруучу кичи завод иштей баштайт. Долбоор Талас районунун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Башкармалыкта белгиленгендей, ишкананын курулушуна 10,1 млн сом каралса, анын 7 млн сому жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн.

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

«Альянс Алтын» ЖЧКсынын Борбордук анализ жана аналитикалык лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык стандартына ылайыктуулугу боюнча аккредитациялык сертификатка ээ болду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Компания белгилегендей, бул стандарт сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенциясына талаптарды белгилейт жана алардын масштабына карабастан лабораториялык сыноолорду жүргүзгөн бардык уюмдарга жайылтылат. Аккредитация

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

2025-жылдын 23-июлунда «Альянс Алтын» компаниянын расмий штаттык курамына 1000-кызматкер кабыл алынды. Бул тууралуу ишкана билдирди. Такталгандай, жаңы кызматкер Сасык-Булак айылынын (Шумкар-Уя айыл аймагы) тургуну Сыргак уулу Бекболсун болду. Ал 18-июлда ишкананын Автотранспорт башкармалыгынын Автоунааларды оңдоо кызматына нөөмөтчү автослесарь болуп жумушка орношкон. Бул символикалык сан кызматкерлердин катары көбөйүп жатканын гана эмес,

Таласта аймакты өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынды — «Альянс Алтын» ишке ашырууга жардам берет

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү облустун социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын кабыл алды. Ишке ашырууну министрлер кабинети «Альянс Алтын» компаниясы менен биргеликте ишке ашырат. Бул тууралуу облус жетекчиси Эрмат Жумаев билдирди. Долбоорлорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүп, аймактын ар тараптуу өнүгүүсүнө стимул болот деген ишенимин билдирди. «Акыркы 10 жылда «Альянс