«Адал Азык» компаниясынын атайын баркын түшүрүү аракети болушу мүмкүн — АӨЖ комплексин өнүктүрүү ассоциациясы

«Адал Азык» компаниясынын атайын баркын түшүрүү аракети болушу мүмкүн — АӨЖ комплексин өнүктүрүү ассоциациясы

Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы “дискредитациялоочу соода оюндарын” жана Кыргызстандын ишканаларынын башка рынокторго чыгуусун жасалма чектөө боюнча адилетсиз аракеттер болгонун жокко чыгарбайт. Мындай иш-аракеттерден Россельхознадзор жакында эле колбаса азыктарынан чочконун ДНКсынын издерин тапкан «Адал Азык» компаниясы да жабыркаган болушу мүмкүн.

АӨЖ комплексин өнүктүрүү ассоциациясы “Адал Азык” өз продукциясында чочко этин колдонбогонун жана колдонбойт экенин тастыктайт. Ишкана продукциясынын үлгүлөрүн лабораториялык экспертизага тапшырган, анын жыйынтыгы жакында даяр болмокчу. Мындан тышкары текшерүүгө чет өлкөлүк лабораториялар да тартылат.

Компания ар дайым ачык-айкын иштеп келген жана текшерүү органдары, анын ичинде салык кызматы, компания чочко этин сырье катары эч качан сатып албаганын тастыктайт деп айтылат. Компания биринчилерден болуп ЭТТНди киргизе баштаган жана бардык жеткирүүлөр ушул система аркылуу өтөт, деп билдирди ассоциация.

«Акыркы жылы «Адал Азык» Россияга экспортун көбөйттү. 2023-жылдын биринчи кварталында 144 тонна продукция тапшырылган. Ушуга байланыштуу биз чет элдик рынокко чыгууну жасалма чектөө боюнча дискредитациялоочу соода оюндарын жана абийирсиз аракеттердин болушун жокко чыгарбайбыз. Армениянын, Грузиянын жана Казакстандын өндүрүүчүлөрү да ушундай эле көйгөйлөргө туш болушат», — деп айтылат АӨЖ комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары,

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га,

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га