Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү үчүн 1.7 млрд сом инвестиция керек — мэрдин орун басары

Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү үчүн 1.7 млрд сом инвестиция керек — мэрдин орун басары

Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү үчүн 1.7 млрд сом инвестиция талап кылынат. Бул тууралуу Бишкектин мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан даярдалган Бишкек шаарынын абасын тазартуу боюнча иш-чаралар планынын бет ачарында билдирди.

«Биз ЖЭБди газ менен жылытууга өткөрүүгө аракет кылып көргүбүз келет. Бул техникалык жактан мүмкүн. Эгер бир айдын ичинде газга өтсөк, ага 1.7 млрд [сом] керек болот», — деди Шамыралиев.

Андан тышкары Шамыралиев учурда Бишкек шаарында газ менен жүрүүчү 130 автобус каттап жатканын билдирди. Дагы 500дөн ашык газ менен жүрүүчү автобус сатып алуу пландалууда. АӨБ дагы 124 электроавтобус сатып алууга көмөктөшөт. Мэрия ошондой эле төрт эстакадалык жол жана коомдук транспорт үчүн өзүнчө атайын тилке курууну пландаштырууда — бул коомдук транспорттун ыңгайлуулугун жакшыртат.

Ошондой эле Бишкекте сейил бак жана скверлер үчүн 26 гектар жер бөлүнүп, сегиз веложолдун курулушу аяктап жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары,

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га,

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га