Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үч салыктын ордуна бир салык төлөшөт

Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үч салыктын ордуна бир салык төлөшөт

Жаңы түзүлүп жаткан Креативдүү индустриялар паркынын (КИП) резиденттери үч салыктын ордуна бир бирдиктүү салык төлөшөт. Социалдык төгүмдөр да бир топ жеңилдетилген. Бул тууралуу 12-апрелде экономика министринин орун басары Чыңгыз Макешов инновациялык саясат боюнча төрт жылдык программаны жыйынтыктоо жана Креативдүү индустриялар паркын ишке киргизүү аземинде билдирди.

Анын айтымында, салык салууда чакан жана орто бизнестин бирдиктүү салыкты төлөө механизми негиз катары алынган. Парктын катышуучулары 10% киреше салыгы, 12% КНС жана 2%га чейин жеткен сатуудан салыктын ордуна квартал сайын түшкөн пайдага гана бир салык төлөшөт.

Түшкөн киреше боюнча бул салык 2023-жылы 0.5%, 2024-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилде 1%, 2027-жылы гана ставка 2%га чейин көтөрүлөт.

«Бул салык ставкаларынын абдан олуттуу төмөндөшү», — деди чиновник.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуунун атайын режими жөнүндө да мыйзам долбоору иштелип чыгып, каралууда, ага Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) эрежелери негиз болгон. Макешовдун айтымында, учурда Кыргызстанда киреше салыгы жана социалдык чегерүүлөр менен чогуу алганда, төгүмдөрдүн орто эсеби 37%ды түзөт. Ошондуктан Креативдүү индустрия паркында киреше салыгын бир топ кыскартуу пландалууда.

«Креативдүү индустрия сөзсүз түрдө экономиканын формалдуу эмес секторунун көлөкөсүнөн чыгып, кошумча жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле республикалык бюджетке түшүүчү салыктык түшүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө түрткү болот», — деп белгиледи экономика министринин орун басары.

Мындан тышкары окуңуз

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары,

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га,

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га