Ысык-Көл облусунда 70 жакыр үй-бүлө социалдык келишим түзүп, жөлөк пулунан ажырайт

Ысык-Көл облустук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан түзүлгөн социалдык контракттын алкагында облустагы кирешеси аз үй-бүлөлөргө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Аны алган үй-бүлөлөр үч жылга жөлөк пул алуу укугунан ажыратылат. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги Эмгек министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Эске сала кетсек, социалдык келишимде 100 миң сом каралган. Өз бизнесин ачуу үчүн каражат алуу үчүн үй-бүлөлөр үч жыл бою «үй-бүлөгө көмөк жөлөкпулунан баш тартышы керек. Ошондой эле, долбоордун катышуучулары салыктан бошотулбайт жана патент сатып алууга же ЖИ катары катталууга милдеттүү болгон ишкерлер болуп саналат.

Read more

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас районунун Беш-Таш айылында быйыл күзүндө Арашан бренди менен ичүүчү минералдык суу чыгаруучу кичи завод иштей баштайт. Долбоор Талас районунун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Башкармалыкта белгиленгендей, ишкананын курулушуна 10,1 млн сом каралса, анын 7 млн сому жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн.

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

«Альянс Алтын» ЖЧКсынын Борбордук анализ жана аналитикалык лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык стандартына ылайыктуулугу боюнча аккредитациялык сертификатка ээ болду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Компания белгилегендей, бул стандарт сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенциясына талаптарды белгилейт жана алардын масштабына карабастан лабораториялык сыноолорду жүргүзгөн бардык уюмдарга жайылтылат. Аккредитация

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

2025-жылдын 23-июлунда «Альянс Алтын» компаниянын расмий штаттык курамына 1000-кызматкер кабыл алынды. Бул тууралуу ишкана билдирди. Такталгандай, жаңы кызматкер Сасык-Булак айылынын (Шумкар-Уя айыл аймагы) тургуну Сыргак уулу Бекболсун болду. Ал 18-июлда ишкананын Автотранспорт башкармалыгынын Автоунааларды оңдоо кызматына нөөмөтчү автослесарь болуп жумушка орношкон. Бул символикалык сан кызматкерлердин катары көбөйүп жатканын гана эмес,

Таласта аймакты өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынды — «Альянс Алтын» ишке ашырууга жардам берет

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү облустун социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын кабыл алды. Ишке ашырууну министрлер кабинети «Альянс Алтын» компаниясы менен биргеликте ишке ашырат. Бул тууралуу облус жетекчиси Эрмат Жумаев билдирди. Долбоорлорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүп, аймактын ар тараптуу өнүгүүсүнө стимул болот деген ишенимин билдирди. «Акыркы 10 жылда «Альянс