Жылдын I кварталында унаа рыногунда соода жүгүртүү 12%га өстү — Улутстатком
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2023-жылдын январь-март айларында Кыргызстанда унаа рыногунда дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы көлөмү 141.2 млрд сомду түздү. Бул 2022-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 11.8%га көп.
Автомобилдерди жана мотоциклдерди алып-сатуудан башка чекене сооданын көлөмү жыл башынан бери дээрлик 70.8 млрд сомго жетти. Бул 2022-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу дээрлик 5%га көбүрөөк.