Бишкекке Twitter, Marvell, Mozilla жана Google компанияларынын алдыңкы эксперт айымдары келет

Бишкекке Twitter, Marvell, Mozilla жана Google компанияларынын алдыңкы эксперт айымдары келет

21-апрелде Бишкекте «Кремний өрөөнүнүн STEMдеги аялдары: Ийгиликтин ачкычы» деген темада иш-чара өтөт. Анда TechWomen программасынын бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен бөлүшүшөт. Бул тууралуу Accelerate Prosperity билдирди.

Технологиялык адистер үчүн спикерлердин арасында инжинирингден Silicon Valley Business Journal басылмасынын тандоосу боюнча «Беделдүү айым» статусуна кантип жетсе болот экендиги жөнүндө Marvell Technology компаниясынын кызматкери Кора Лэм айтып берет. Кора дүйнө жүзү боюнча Marvell маалыматтарын иштеткен бардык борборлордо 140 миңден ашуун санариптик платформалар менен эсептөө чарбаларын башкарат. Кэти Гиори, Силикон өрөөнүнүн EdTech жана IoT ишкери. Кэти Сан-Францискодогу технологиялык компанияларда 30 жылдан ашуун эмгек тажрыйбасы бар жана продукт инженериясында жана Tricycle Corp., ZEDEDA, Mozilla, Arduino, Qualcomm, Etak/Sony, SRI компанияларында көптөгөн жогорку кызматтарды ээлеген. Джейми Фаррелл-Ранкер — Сан-Францискодо жайгашкан технологиялык продукт менеджери, ал Twitter-де тогуз жылдан ашык убакыттан бери ишеним жана коопсуздукка багытталган глобалдык жарнамалык өнүмдөрдү жана кызматтарды жаратып келген. Мэг Гордон үйрөнүү тажрыйбасын изилдөөчү жана дизайнер. Ал Adobe, Pearson, Google жана Chegg сыяктуу компанияларда окуучулардын муктаждыктарын жана формалдуу жана формалдуу эмес онлайн-окутууну кантип оптималдаштырууну изилдеген.

Ошондой эле иш-чарада 50 миң долларлык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн берген стартаптарды тез өнүктүрүү боюнча Accelerate Prosperity программасы көрсөтүлөт.

Кошумчалай кетсек, TechWomen – бул Борбордук Азиядагы, Жакынкы Чыгыштагы жана Африкадагы STEM тармагында иштеген аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү программасы. Долбоор АКШнын мамлекеттик департаментинин Билим берүү жана маданият иштери боюнча бюросунун демилгеси менен ишке ашырылат.

Катышуу үчүн бул жерден катталуу керек.


STEM (science, technology, engineering and mathematics) — табигый илимдер, технология, инженерия жана математика. Бул академиялык дисциплиналарды бириктирген кеңири колдонулган термин.

Мындан тышкары окуңуз

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары,

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га,

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га