Бишкектен Кореяга жумасына бир жолу учак учат – бирок жайдын аягына чейин гана

Бишкектен Кореяга жумасына бир жолу учак учат – бирок жайдын аягына чейин гана

T’way авиакомпаниясы Бишкектен Сеулга жумасына бир жолу, жекшемби күндөрү каттайт. Бирок каттамдар жайкы мезгилге гана пландалган. Бул тууралуу авиакомпаниянын президенти Ёнг Хонг Ген Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова менен жолугушууда билдиргенин ТИМ билдирди.

Жолугушууда корей тарап Бишкек менен Сеул ортосунда түз аба каттамдарын ачуу пландалып жаткандыгы тууралуу маалымат берди. Каттамдар 11-июндан баштап жума сайын жекшемби күндөрү аткарылат, бирок жай мезгилинде гана. Ёнг Хонг Ген компания Кыргызстанга учуу үчүн жаңы Боинг-737 учагын атайын сатып алганын баса белгиледи. Бул лайнерлер бир рейсте 189 кишини ташый алат. Маалым болгондой, азыр компания учуу боюнча тиешелүү процедуралардан өтүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Дубайда өткөн саммитте суу коопсуздугуна маани берилди

Дубайда өткөн саммитте суу коопсуздугуна маани берилди

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Дубай шаарында өткөн Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышты. Министрлердин тегерек столунда сүйлөгөн сөзүндө Бакыт Төрөбаев дүйнө бүгүн өз-өзүнчө кризистерге эмес, климаттык, суу, азык-түлүк жана социалдык кризистердин системалуу айкалышына туш болуп жатканын белгиледи. Мындай шартта

Улуттук банк Telegramда алдамчылыктын жаңы толкунун катталганын билдирди

Улуттук банк Telegramда алдамчылыктын жаңы толкунун катталганын билдирди

Кыргызстандын Улуттук банкы Telegram мессенджеринде алдамчылыктын жаңы толкунун каттаганын регулятордун басма сөз кызматы кабарлады. Алардын маалыматына ылайык, кылмышкерлер мамлекеттик жеңилдетилген насыяларды абдан пайдалуу шарттарда алуу боюнча жардам көрсөтө тургандыгын убада кылган жарнамаларды таратышууда. Жарандарды алдоо үчүн кылмышкерлер төмөнкү ыкмаларды колдонушат: * Улуттук банктын расмий логотиби менен жасалма документтерди көрсөтүү; * "Бактылуу

Кара-Кол каналынын суусун топтоого суткалык бассейн курулат

Кара-Кол каналынын суусун топтоого суткалык бассейн курулат

Баткенде Кара-Кол каналынын суусун топтоо үчүн суткалык жөнгө салуучу бассейн курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, район акими Данир Иманалиев, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана суу чарба тармагынын жетекчилери, сугат суу боюнча атайын адистер Кара-Кол каналын куруу, калыбына келтирүү иштеринин аткарылышын жеринде

Дизайнерлердин V республикалык көргөзмөсү өтөт

Дизайнерлердин V республикалык көргөзмөсү өтөт

"Кыргыз Республикасынын дизайнерлер союзунун" коомдук бирикмеси маданият министрлигинин колдоосу менен 6-февралда Бишкекте дизайнерлердин эмгектеринен V республикалык жогорку окуу жайлар аралык көргөзмөнү өткөрөрүн Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусствосу музейинен билдиришти. Бул көргөзмө мейкиндигинде белгилүү профессионал дизайнерлер — жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын эмгектери, ошондой эле декоративдик-кол өнөрчүлүк искусство, графика,