Доллар күтүүсүздөн кымбаттады, евро 96 сомдон ашты — расмий курстар
Улуттук банк 14-апрелден тартып ишке кирчү чет элдик валюталардын сомго карата расмий курсун белгиледи. Доллардын курсу бир нече аптадан бери биринчи жолу өзгөрүп, сомго карата кымбаттады. Евро 96 сомдон ашты, теңгенин баасы да кымбаттады. Ал эми рубль, тескерисинче, арзандады.
- Доллардын курсу 0.11%га кымбаттап, 87.5138 сом болду
- Евронун курсу 0.93%га көтөрүлүп, 96.3877 сом болду
- Россия рублинин курсу 0.17%га төмөндөп, 1.0661 сом болду
- Казакстандык теңгенин курсу 0.78%га жогорулап, 0.1945 сом болду.