Өткөн жылы Кыргызстанда рекорддук санда чет элдик катышуусу бар компания катталган

Өткөн жылы Кыргызстанда рекорддук санда чет элдик катышуусу бар компания катталган

2022-жылы Кыргызстанда чет элдиктердин катышуусу бар рекорддук сандагы ишкана катталган. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын реестринин маалыматтарына таянып, Osoo.kg контрагенттерди текшерүү кызматы билдирди.

2022-жылы Кыргызстандын резиденти эместеринин катышуусу менен катталган же кайра каттоодон өткөн жаңы ишканалардын саны 2609ду түздү. 2021-жылы бул көрсөткүч 1139ду түзгөн. Ошондой эле быйылкы жылдын үч айында Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандын катышуусу бар дагы 771 компания пайда болду.

Акыркы беш жылда мындай компаниялардын эң азы — болгону 750 — Covid-19 күч алган 2020-жылы катталган же кайра катталгандыгы белгиленип айтылган.

Мындан тышкары окуңуз

Дубайда өткөн саммитте суу коопсуздугуна маани берилди

Дубайда өткөн саммитте суу коопсуздугуна маани берилди

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Дубай шаарында өткөн Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышты. Министрлердин тегерек столунда сүйлөгөн сөзүндө Бакыт Төрөбаев дүйнө бүгүн өз-өзүнчө кризистерге эмес, климаттык, суу, азык-түлүк жана социалдык кризистердин системалуу айкалышына туш болуп жатканын белгиледи. Мындай шартта

Улуттук банк Telegramда алдамчылыктын жаңы толкунун катталганын билдирди

Улуттук банк Telegramда алдамчылыктын жаңы толкунун катталганын билдирди

Кыргызстандын Улуттук банкы Telegram мессенджеринде алдамчылыктын жаңы толкунун каттаганын регулятордун басма сөз кызматы кабарлады. Алардын маалыматына ылайык, кылмышкерлер мамлекеттик жеңилдетилген насыяларды абдан пайдалуу шарттарда алуу боюнча жардам көрсөтө тургандыгын убада кылган жарнамаларды таратышууда. Жарандарды алдоо үчүн кылмышкерлер төмөнкү ыкмаларды колдонушат: * Улуттук банктын расмий логотиби менен жасалма документтерди көрсөтүү; * "Бактылуу

Кара-Кол каналынын суусун топтоого суткалык бассейн курулат

Кара-Кол каналынын суусун топтоого суткалык бассейн курулат

Баткенде Кара-Кол каналынын суусун топтоо үчүн суткалык жөнгө салуучу бассейн курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, район акими Данир Иманалиев, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана суу чарба тармагынын жетекчилери, сугат суу боюнча атайын адистер Кара-Кол каналын куруу, калыбына келтирүү иштеринин аткарылышын жеринде

Дизайнерлердин V республикалык көргөзмөсү өтөт

Дизайнерлердин V республикалык көргөзмөсү өтөт

"Кыргыз Республикасынын дизайнерлер союзунун" коомдук бирикмеси маданият министрлигинин колдоосу менен 6-февралда Бишкекте дизайнерлердин эмгектеринен V республикалык жогорку окуу жайлар аралык көргөзмөнү өткөрөрүн Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусствосу музейинен билдиришти. Бул көргөзмө мейкиндигинде белгилүү профессионал дизайнерлер — жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын эмгектери, ошондой эле декоративдик-кол өнөрчүлүк искусство, графика,