Россияга балык экспорту жабылды, Кытай менен БАЭ рынокторуна чыгуу керек - Балык чарба ассоциациясынын жетекчиси

Россияга балык экспорту жабылды, Кытай менен БАЭ рынокторуна чыгуу керек - Балык чарба ассоциациясынын жетекчиси

Кыргызстандын балык өстүрүү тармагы Россияга жеткирүү тыюу салынгандан кийин жаңы рынокторду издөөгө тийиш. Кытайга жана Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) жөнөтүүнүн келечеги бар болушу мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына КР Балык чарба ассоциациясынын аткаруучу директору Олег Досаев айтты.

Анын айтымында коңшу Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын рыноктору өтө чектелген багытынан улам бизге ылайыктуу эмес. Ал эми Казакстан бул жаатта өзүн өзү камсыз кылат.

«Бир гана Кытай жана БАЭ калды. Калган башка бардык рыноктордо биз атаандаштыкка туруштук бере албайбыз. Бирок, башка рынокторго чыгуу абдан кыйын болот. Мисалы, Кытай бардык өлкөлөргө бүт нерселерди экспорттойт, бирок Кытайдын рыногуна башка бирөөнүн кириши абдан кыйын. Айрыкча тамак-аш азыктарына абдан чоң талаптар коюлат”, — деп жыйынтыктады Олег Досаев.

Эске салсак, ушул жылдын январь айында Россельхознадзор форель балыгын өстүргөн тогуз кыргызстандык компанияны текшерүү демилгесин көтөргөн. Ал эми 16-февралда көзөмөл органы форель балыгын жана анын икрасын Россияга жеткирүү үчүн сертификациялоого чектөө киргизерин айткан.

Мындан тышкары окуңуз

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары,

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га,

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га