AnadoluJet Бишкек – Анкара – Бишкек авиакаттам ачуу пландаштырууда
«Манас» эл аралык аэропорту» ААК AnadoluJet авиакомпаниясы менен биргеликте биринчи жолу Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам ачууну максат кылууда. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.
Белгиленгендей, AnadoluJet авиакомпаниясы (лоукостер, Turkish Airlines компаниясына туунду) биринчи жолу Бишкек – Анкара боюнча жумасына 4 жолу авиакаттам ачууну көздөөдө. Каттамдар дүйшөмбү, шаршемби, ишемби, жекшемби күндөрү аткарылат. Ал эми 2023-жылдын август айынан баштап каттамдар күнүнө аткарылмакчы.
Аталган авиакаттам Boeing 737 учагы менен ишке ашырылмакчы.