Бишкектин мэриясы Чүй проспектисинин жолу кеңейтип жатат
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Чүй проспектисинин унаа жолун кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.
Курулуш иштери №309, №311 үйлөрдүн алдында жүргүзүлүүдө, анын узундугу 85 метрди түзөт.
Бүгүнкү күндө туурасы 3 метр болгон кошумча тилкени салуу боюнча иштер аяктап, ирригация тутумдары жана бордюрлары орнотулду.
Асфальт төшөө алдында тротуардын негизин даярдоо иштери жүрүүдө.