МИК аркылуу берилүү үчүн Бишкекте 6 миңден ашык батирлер салына башталды
Бишкек шаарына 6 миңден ашык батирлер салынып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, курулуш региондордо дагы башталды. Мисалы, Нарында долбоору даярдалып жатат. Кумтөр берген акчаларына салып, МИК аркылуу берилет.
«Таласта да долбоор өз нугунда кетип жатат. Аларга да «Жерүй» берген акчасына салып, МИК аркылуу берели деп жатабыз. Жалал-Абадда 200дөн ашык батир салынып жатат», — деди. Жапаров.