МИКтин уставдык капиталы 13.3 млрд сомго жетти
МИКтин уставдык капиталы 13.3 млрд сомго жетти. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Министрлик белгилегендей, «МИК» ААКсын финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатында мурда бөлүнгөн 4,6 млрд сом бюджеттик ссудалар компаниянын уставдык капиталына трансформацияланган.
2021-жылы – 5.3 млрд сом, 2022-жылы компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө 3.8 млрд сом бөлүнгөн. 2023-жылы (январь-март) – 2.7 млрд сом.