Ысык-Көл облусунундагы жолдорду оңдоого Дүйнөлүк Банк $55 млн берет
Дүйнөлүк Банк Ысык-Көл облусунундагы жолдорду оңдоого $55 млн берет. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, каражат «Борбор Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу боюнча программанын 3-фазасы (РКЖП БА-3)» долбоору аркылуу берилет. Каржылоонун $27.5 млн – грант жана $27.5 млн — 38 жылга берилген насыя.
Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Түп-Кеген автожолунун 39-76 чакырымындагы участокту реконструкциялоону жана Каркыра-Турук-Сары-Жаз автожолунун 0-13 чакырымындагы участокту курууну, «Каркыра» капчыгайындагы туристтик базага туташ жолду курууну камтыйт. Жакынкы калктуу конуштар – Ысык-Көл облусунун Сары-Тологой айылы жана Сан-Таш а/ө. Долбоор боюнча жол тейлөөчү жана кар тазалоочу техникалар сатылып алынат.