Бакыт Төрөбаев ЕАЭБдин техникалык регламентин аткаруу боюнча тапшырмаларды берди

Бакыт Төрөбаев ЕАЭБдин техникалык регламентин аткаруу боюнча тапшырмаларды берди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык Кыргызстандын азык-түлүк продукцияларын экспорттоо маселеси боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев Россия Федерациясына балык продукциясын, тоок этин жана сүт азыктарын экспорттоонун көлөмүн жогорулатуу үчүн ЕАЭБдин талаптарына ылайык баардык шарттарды түзүү зарыл экендигин белгиледи.

«Сиздер жакшы билесиздер, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүү жана негизи эле экспорттун көлөмүн жогорулатуунун үстүндө иш алып баруу министрлер кабинетинин негизги багыттарынын бири. Экспорт жакшы болсо ишкерлерге мүмкүнчүлүк түзүлөт, экономикада өсүш болуп, бюджет толот. Экспорт боюнча кандай гана маселе жаралбасын, анын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү жана күчөтүү зарыл», — деди ал.

Жыйындын соңунда Төрөбаев ЕАЭБдин техникалык регламентин аткаруу үчүн ички ченемдик укуктук актыларды карап чыгуу, ихтиология боюнча тиешелүү адистерди жана лабораториялардагы адистерди кыска мөөнөттө окутуу, ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү жана өз жумушуна шалаакы мамиле кылган жоопту кызматкерлерге чараларды көрүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары,

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га,

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га